play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.08.2025 16

Background
share close
    • cover play_arrow

      КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

     

    Салык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеген электрондук модулду ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Ага ылайык, жаңы модулдун жардамы менен “Кадастрдын” базасындагы маалыматтын негизинде мүлк салыгын эсептөөгө болот.

  • Кызматты колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, “Салыктык милдеттенмелер” модулун тандоо керек.  Салык кызматы төлөмдү аткарууда мүлктүн бирдиктүү коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөнүүчү сумма ачык көрсөтүлөрүн белгиледи.

 

  • Кыргызстандан мал экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында быйылкы жылы малдын экспорту бир топ кыскарган.

    Алсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан 30 миң 493 баш бодо мал, 31 миң 781 кой-эчки, ошондой эле 1 миң 636 жылкы гана экспорттолгон.

    Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда экспорттун көлөмү бир топ жогору болгон. Алсак, 2024-жылы өлкөдөн 77 миң 907 бодо мал, 70 миң 392 кой-эчки, 5 миң 113 жылкы экспорттолгон.

    Өткөн жылга салыштырмалуу:

    • бодо малдын экспорту 47 миң 414 башка кыскарды,

    • кой-эчкинин экспорту 38 миң 611 башка кыскарган,

    • жылкыларды экспорттоо 3 миң 477 башка кыскарган.

 

  • Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин студенттеринин арасында III Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, мелдештер спорттун жети түрү: шахмат, стол тенниси, волейбол, дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана футзал боюнча өтөт. Универсиадага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын командалары катышат.

    Футзал боюнча мелдештер айланма система менен өтүп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү деп табылат.

    Белгилей кетсек, Түрк универсиадасы спорттун гана эмес, маданий баалуулуктардын да майрамы. Мелдештердин ортосунда ар кандай маданий-агартуу иш-чаралары уюштурулуп, жаштардын достук байланышын чыңдоого көмөктөшөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%