play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today09.10.2025 22

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Манас шаарында филармониянын жаңы имараты курулат. Муниципалитет курулуштун эскиздик долбоору менен бөлүштү. Мэриянын маалыматына караганда, филармониянын чоң залы 1 миң 500 орундуу, кичи залы 500 орундуу болот.

    Курулуш иштерине Турукташтыруу фондунан 1 миллиард сом бөлүнгөн.

  • Кийинки айда Кыргызстанда корей салаттарын жасаган өндүрүш ишке кирет.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, агроөнөр жай тармагында 17 жылдык тажрыйбасы бар жергиликтүү компания бул долбоорду толук өндүрүштүк цикл форматында ишке ашырууда.

    Анын алкагында ишкана суткасына 2 тонна жашылчаны кайра иштетип баштайт жана жаңы жумуш орундары түзүлөт.

  • Криштиану Роналду тарыхтагы биринчи миллиардер-футболчу аталды. Португалия курамасынын жана сауд арабиялык “Аль-Наср” клубунун чабуулчусунун байлыгы 1,4 миллиард долларды түзөт.

    Жайында ал аталган клуб менен 400 миллион долларлык жаңы келишимге кол койгон. Футболчу 550 миллион долларды айлык катары тапса, 175 миллион доллар жарнамалык келишимдерден түшкөн.

    Андан тышкары, Криштиану Роналдунун жеке брендине таандык мейманкана тармагы, фитнес-клубдар жана кийим линиясы бар.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%