play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today13.10.2025 14

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте кыргыз тилинде ката жазылып, өзү билемдик менен илинген көчө аталыштары, жарнама такталар алынууда.

    Райондук администрациялар, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер көчө аталыштарынын аншлагдарын текшерип, каталарды оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүп, рейд өткөрүүдө.

    Буга чейин соцтармактарда “Токтогула”, “Касы-Малы Жантөшөв” деген ката жазуулар менен көчөгө илинген такталардын сүрөттөрү пайда болуп, катуу сынга алынган.

  • Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, анын Жибек Жолу проспектисинин Салиева көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.

    Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар жаңыртылат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды эртелеп пландап алуу сунушталат.

  • Жаңы Зеландия тургуну дүйнөдөгү эң узун аты менен Гиннес рекорддор китебине катталды. Анын ысымы 2 миң 253 сөздөн турат. Буга чейин эркектин аты Лоуренс Уоткинс болчу, ал 1990-жылы ысымын өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бирок жергиликтүү бийлик анын атын көргөндөн кийин баш тартышып, эркек соттошконго чейин барган.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%