play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Биометрикалык маалыматын тапшырган, 18 жашка жеткен бардык жарандар шайлоого катыша алат. Добуш берүүдө шайлоочуга каттоого турган жери боюнча бюллетень берилет. Ал бир эле талапкерди же “баарына каршы” позициясын тандай алат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Чүй облусунун тургундары көмүрдү 6 миң — 7,5 миң сомго чейин алса болот.
Ошто — баалар 4,5 миңден башталып, 9 миң сомго жетет. Ысык-Көлдө бекитилген баа — тоннасы 8 миң сомго чейин. Эң арзан көмүр Нарын облусунда — 3 миң 600 сомдон 6 миң 800 сомго чейин. Мамлекеттик ишканадан белгилешкендей, көмүрдүн баасы кошумча нарк салыгы жана киреше салыгы менен эсептелет.
Мындан тышкары, аккаунтту Fragment платформасына туташтыргандан кийин, колдонуучулар блокчейн аркылуу жөнөтүлгөн белектерди өздөрүнүн Telegram профилинде көрсөтө алышат.
Ошондой эле Telegram «Bugs and Suggestions» аттуу расмий мини-тиркемесин ишке киргизди — ал сунуштарды жана каталар тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн колдонулат.
Автор: Диана Дуйшоналиева