play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today03.11.2025 5

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт. Мэриядан билдиришкендей, өчүрүү эртең мененки саат 9дан түнкү 10го чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында күтүлөт. Суу оңдоо иштерине байланыштуу жок болот.

 

  • Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр. Жылуулук алгач соцобъектилерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөр менен жеке секторго берилет.
  • OpenAI компаниясы өзүнүн кызматтарын колдонуу саясатын жаңылады. Эми колдонуучуларга ChatGPT чат-ботунан юридикалык жана медициналык кеңештерди алуу тыюу салынат. Бул тууралуу OpenAI расмий сайтында маалымдалат. Жаңы өзгөрүүлөр билим берүү, турак жай, ишке орношуу, финансылык ишмердүүлүк жана насыя берүү, камсыздандыруу, ошондой эле «мамлекеттик маанилүү кызматтар» боюнча кеңештерге да тиешелүү.

    Ошондой эле, ChatGPT эми миграция жана улуттук коопсуздук боюнча суроолорго жооп бере албайт.

    «Биз колдонуучулардан биздин кызматтарды туура колдонууну талап кылабыз. Эрежелерди жана коопсуздук чараларын бузуу же сактабоо, системаларыбызга кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготууга же башка чаралардын колдонулушуна алып келиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%