play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Өзгөчө көңүл Бишкек — Нарын — Торугарт жана Бишкек — Ош трассаларына бөлүнүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин бузбай, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап жүрүү сунушталат.
Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукканда билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында элчиликти ачуу чечими кабыл алынган.
Египеттин президенти саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле кыргыз лидеринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктө маанилүү кадам болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.
Автор: Диана Дуйшоналиева