- Өлкөгө күйүүчү-майлоочу май Беларустан ташыла баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди. Анын маалыматына караганда, учурда Беларустун компаниялары менен келишим түзүлдү. Таңкыстыктын алдын алуу үчүн Азербайжан, Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар. Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу азыркы тапта да уланууда. Буга чейин Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Россиядагы абалга байланыштуу экенин билдирген.
- Кыргызстанда кийинки жылы 25 чакан жана орто ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Алардын ичинен негизгилери — Орто-Токой, Куланак, Тургент, Майлуу-Суу жана Ак-Суу ГЭСтери. Жалпы кубаттуулук 286 МВт түзөт. Энергетика тармагындагы долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлат. Бирок ага чейин жарандарга энергияны үнөмдүү, сарамжалдуу колдонуу сунушталат, — деди Жапаров.
- Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы объектиге жаңы символикалык – «Жаштык» аталышын ыйгарууну сунуштады. Буга чейин арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн. Спорт комплекс 5 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзөт. Бул жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуш.
Автор: Диана Дуйшоналиева