play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today01.12.2025 19

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстанда 57 миңден ашуун адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Улуттук банктан эске салышкандай, каалаган адам 1-ноябрдан баштап аталган тиркеме аркылуу өзүнө чектөө кое алат. Быйыл июль айында президент кол койгон мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган. Ага ылайык, банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу салуу бар болсо насыя бербеши керек.

 

  • Мэриядан билдиришкендей, 2-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Куйручук көчөсү – Молдокулов, Ахунбаев көчөсү – Куйручук көчөсү, ПНС – Молдокулов, Репин – Алыбаев – Термечиков –Л.Толстой көчөсүндө суу берүү токтотулат. Мунун себеби авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

 

  • Индонезиянын борбору Джакарта дүйнөдөгү калкы эң көп шаар деп табылды. Бириккен улуттар уюмунун жаңы эсебине ылайык, аталган калаада учурда  42 миллион адам жашайт. Экинчи орунда — 37 миллион калкы бар Бангладештин борбору Дакка шаары турат. Ал эми үчүнчү орунду 33 миллион эли бар Токио ээледи.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%