- Өкмөт күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал дүйнөлүк биржаларда дизел эки эсеге, бензин 60-70 пайызга кымбаттаганын, өкмөт Кыргызстанда баанын кескин кымбатташын алдын алуу чараларын көрүп жатканын тактады. Күйүүчү май ташуу жана сатууда айрым салыктар алына, бул боюнча токтомдор даярдалууда, — деди Касымалиев. Эске салсак, Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанда 30-35 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин маалымдаган.
- Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 миң 250 батирлүү турак жай комплекси кийинки жылы пайдаланууга берилет. Долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган. Ошондой эле долбоордо жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган.
- Кыргызстанда «Социалдык келишим» долбоору аркылуу 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Аталган келишим аз камсыз үй-бүлөлөр менен 2022-жылдан бери түзүлүп келет. Программа ишке ашырыла баштагандан тарта 48 миңден ашуун үй-бүлөнү камтыган. “Социалдык келишимдин” алкагында мамлекет үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Алар бул каражатка жеке ишкердик ачып жана өнүктүрүп, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек.
Автор: Диана Дуйшоналиева