- Нарын шаарында 100 орундуу бала бакча курулууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 108 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имарат салынат. Курулуш иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп, учурда биринчи кабаты тургузулду.
- Учурда хантавирустан улам келип чыккан оорунун 11 учуру катталды, анын ичинде үчөө өлүм менен аяктаган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) шилтеме берүү менен DW басылмасы жазып чыкты. Оору жуктургандардын баары Нидерландынын MV Hondius круиздик лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү экени аныкталды. Катталган 11 учурдун сегизи хантавирустун «Анд» (Andes) штаммы экени лабораториялык түрдө тастыкталды. Бул штамм башка түрлөрдөн айырмаланып, адамдан адамга жугат. Дагы эки учур «ыктымал» деп эсептелсе, бирөө текшерилүүдө. Уюм дүйнө калкы үчүн инфекциянын жайылуу коркунучун дагы деле төмөн деп баалайт, бирок кеменин жүргүнчүлөрү менен экипажы үчүн коркунуч орточо деңгээлде сакталууда. Анд штаммы — адамдан адамга чектелген түрдө жугууга жөндөмдүү жалгыз штамм деп эсептелет. Эреже катары, мындай жол менен жугушу үчүн жакын жана узак убакыт бою байланышта болуу талап кылынат, ал эми инкубациялык мезгил 6-8 жумага созулат. Ошентсе да, адистер бул жагдайды COVID-19 пандемиясы менен салыштырууга болбой турганын баса белгилешет: вирустун мынчалык чоң эпидемиялык потенциалы жок.
- Жол жээгинде башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд учурунда жол жээгинде мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 220 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 657 миң сом айып пул салынды.
Автор: Диана Дуйшоналиева