-
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кечеге чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 3-4-июль күндөрү саат 19:00дө «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында өтөт. Ага белгилүү чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар катышып, элдик жана заманбап эстрадалык чыгармаларды тартуулашат. Бул маданий долбоор шаардыктардын эс алуусун мазмундуу уюштурууга, улуттук өнөрдү даңазалоого жана жагымдуу үй-бүлөлүк чөйрө түзүүгө багытталган. Эске салсак, июнь айында мындай кечелер «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн.
- Кыргызстанда быйыл март айында ишин баштаган мамлекеттик автомектептердин алгачкы бүтүрүүчүлөрү күбөлүк алышты. Окууну ийгиликтүү аяктаган курсанттарга СЕ жана А категориялары боюнча документтер тапшырылды. Эки айлык кайра даярдоо курсуна жалпысынан 100 адам кабыл алынып, анын 57си окууну ийгиликтүү аяктаган. Эске салсак, мамлекеттик автомектептер айдоочуларды даярдоо системасын реформалоонун алкагында ачылып, окутуунун сапатын жогорулатуу жана коррупциялык схемаларды жоюу максатын көздөйт.
- Кытайда адамдын сезимдерин так тааный алган гуманоид роботтор жасалды. Алар реалдуу биотери, 88 “муундан” турган кыймылдуу каркас, ар түрдүү сенсорлор жана акылдуу жасалма интеллект мээсинен турат. Долбоор улгайган адамдардын жалгыздык жана депрессия көйгөйүн чечүүгө багытталган. Роботтор адамдар менен терең баарлашып, психологиялык колдоо көрсөтө алган сезимтал шерик катары колдонулат.
Автор: Диана Дуйшоналиева