play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today28.07.2026 93

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кытайлык адистер кыргызстандыктарга акысыз көз операцияларын жасашат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди. Сентябрдын ортосунда өлкөгө Кытайдын COMAC корпорациясынын атайын медициналык учагы келет. Анын базасында алдыңкы дарыгерлер боюнча жогорку технологиялык операцияларды акысыз жүргүзүшөт. Кийинчерээк бул учак Караколдогу авиафестивалга да катышат.

 

  •  Токтогул шаарында Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен 40 көчөгө асфальт төшөлүп, 17 көчөгө тротуар салынат. Мэриянын маалыматы боюнча, бул ири курулушка 436,8 миллион сом бөлүнүп, учурда тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Долбоор алкагында жалпысынан 32,3 чакырым жол жана 17,39 чакырым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол салуу пландалууда. Бул чечим шаарда жүрүп жаткан «Таза Суу» долбоорунун этаптарын эске алуу менен кабыл алынды.

 

  •  Кыргызстан жана Өзбекстандын транспорт министрлери Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун кыдырып текшерип жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлиги билдирди. Министр Талантбек Солтобоев Илхом Махкамовду Манас станциясынан тосуп алды. Иш сапар 29-июлга чейин өтүп, анда туннелдердин, көпүрөлөрдүн курулуш темпи жана стратегиялык эл аралык коридорду өз убагында бүткөрүү маселелери талкууланат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%