- Бишкек мэриясынын билдиришинче, шаардын Ленин районунда өз алдынча, уруксатсыз илинген жарнама такталары толугу менен алынды. Тазалоо иштери Чүй проспектисиндеги Ош базарынын тегерегинде Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүндө жана Фучик, Жаш Гвардия көчөлөрүндө жүрдү. Ошондой эле ал жерлердеги туш келди куйкаланып, илинип турган зымдар менен интернет кабелдери да иретке келтирилди. Дүкөн ээлери өз үйлөрүнүн жана жумуш орундарынын тегерегин тазалашты. Мэрия мындай тазалоо жумуштары дагы уланарын эскертти.
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 6 күндүн ичинде 835 маданий иш-чара жана көчмөн элдин салт-санаасына арналган 10 чоң сынак өтөт. Башкы режиссёр Алтынбек Максүтов билдиргендей, бул мелдештердин катарында мыкты боз үй тигүү, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк,уз-уста, элдик ырлар, көчмөн кайрык, салттуу кийимдер жана этно бийлер боюнча кызыктуу сынактар уюштурулат. Ошондой эле кыз-келиндер жана мырзалар арасында боз үйдү эң тез чечип, эң тез тигүү боюнча ылдамдык эстафеталары каралган.
- Дүйнөлүк рынокто «Брент» маркасындагы мунайдын баасы 12-августта кескин кымбаты, бул болжол менен 159 литр мунай баткан атайын темир бочка, эми карап корсок соода учурунда 89 доллардан ашып, кээ бир сааттарда 90,долларга чейин жетти.«Инвестинг.ком» сайтынын маалыматы боюнча, бул акыркы эки аптадагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Мунайдын мындай тез өсүшүнө Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташыган кемелердин каттамы убактылуу токтоп калганы себеп болууда. Акыркы эки жумада баа улам өзгөрүп, абдан туруксуз болду: 4-августта бир баррели 79 долларга чейин арзандаса, 6-августта 82, долларга, 10-августта 87, долларга, ал эми 11-августта 88, долларга чейин кайра жогорулаган.
Автор: Диана Дуйшоналиева