play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today14.08.2026 41

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  •   29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ири мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат. ИИМ билдиргендей, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Айдоочулар тыгында калбашы үчүн каттамдарын алдын ала пландаштыруусу зарыл.

 

  • Бишкектин Свердлов районунда сырткы көрүнүшүн жана көрнөк-жарнактарды бирдиктүү тартипке келтирүү эрежесине талаптарына жооп бербеген 168 мыйзамсыз жарнама тактасы алынды. Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, тазалоо иштери 12-августта Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен тартып Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү. Муниципалитет ишкерлерди жарнамаларын алдын ала текшерүүгө жана бекитилген жаңы эрежелерге ылайык келтирүүгө чакырат.

 

  • Бишкекте 14-15-августта Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Маалыматка ылайык, эстрада ырчыларынын катышуусундагы музыкалык программа даярдалган.Бишкек мэриясы шаар тургундары жана конокторун ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге катышууга чакырат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%