play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today18.08.2026 25

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  •  «Бишкек Арена» стадионуна Көчмөндөр оюндарынын ачылышында коопсуздук үчүн төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат:.Идиш жана тамак-аш: Айнек бөтөлкө, банка, термос, сырттан алынып келинген тамак-аштар  жана суусундуктар.Техника: Уруксатсыз кесипкөй камералар, дрондор жана чоң рюкзак, чемодандар.Коркунучтуу буюмдар: Курал, бычак, газ баллондору, фейерверк жана пиротехника.Үн күчөткүчтөр: Музыкалык аспаптар, ышкырыктар жана мегафондор.Бул буюмдардын бардыгы стадиондун кире беришинен текшерүү учурунда алып калынат.

 

  • Кыргызстанда калк кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып ала баштады.«Кыргызкөмүр» ишканасы билдиргендей, акыркы бир жумада эле Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды. Мекеме суук түшкөндөгү кезектерди жана баанын кымбатташын күтпөй, отунду азыртан камдап алууга чакырат. Расмий көмүр базаларынын даректери жана телефондору «Кыргызкөмүрдүн» социалдык тармактардагы баракчаларына жана  ТуГис тиркемесине жайгаштырылды.

 

  • Франция, Италия жана Испанияда катуу ысыктан жана кургакчылыктан улам түшүм кескин азайып жатат.АЗЕРТАЖ агенттиги маалымдагандай, Европадагы негизги өндүрүүчү болгон Францияда жүгөрү жыйноо 35%га азайып, акыркы 40 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түшөрү күтүлүүдө. Италияда кургакчылык айыл чарба жерлеринин 60%ын каптап, сүт өндүрүү 20%га кыскарды. Испанияда болсо дан эгиндеринин түшүмү дээрлик жарым эсеге  азайган. Европа Биримдиги дыйкандарга жардам берүүнү пландап жатат, алсак, Франция буга чейин 145 млн евро бөлөрүн жарыялады.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%