play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today27.08.2026 17

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  •  «Ынтымак Ордодо» чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Муну менен дипломаттар Кыргызстандагы ишмердигин расмий түрдө башташты. Мамлекет башчысы элчилерди куттуктап, алардын алдыдагы иштери өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

 

  •  Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштеринин алкагында адистер үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Долбоор боюнча 1943-жылы курулган станциянын жабдуулары жаңыланып, кубаттуулугу 10 мегаваттка жетет.

 

  • Нарынбек Кубатбек уулу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, Нарынбек Кубатбек уулу министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырылды.

 

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%