play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today28.08.2026 19

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, «Санариптик технологиялар борбору» «Волонтер» деп аталган жаңы сервисти ишке киргизди. Бул санариптик курал оюндар учурунда ыктыярчыларга керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жана иш-чара өтүүчү аянтчаларда багыт табууга жардам берет. Ошондой эле тиркеме аркылуу өзгөчө кырдаалдарда тиешелүү кызматтарга тезинен билдирүү жөнөтүп, өз убагында жардам алууга шарт түзүлгөн.

 

  • «Мета» компаниясы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн 17 миллиард доллар төлөөгө макул болду. «Евроньюс» басылмасынын маалыматына ылайык, компания Фейсбук жана Инстаграм тармактарында балдардын психикасына терс таасир эткен функциялар үчүн айыпталып, АКШнын 47 штаты сотко берген. Макулдашуунун алкагында «Мета» өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды колдонуу убактысына чектөө киргизип, окуу маалында эскертүүлөрдү өчүрөт. Мындан тышкары, колдонуучулардын жашын текшерүү күчөтүлүп, зыяндуу контенттер толугу менен чектелет.

 

  • Бишкек шаарындагы күйүүчү майдын учурдагы болжолдуу баасы туруктуу бойдон сакталууда.

    Акыркы маалыматтарына ылайык, орточо баалар төмөнкүдөй:

    АИ-92 — 87 сом 90 тыйын

    АИ-95 — 109 сом 90 тыйын

    Дизель отуну (ДТ) — 99 сом 90 тыйын

    Автогаз — 48 сом 80 тыйын

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%