play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Биримдик кербени» аркылуу облустарды аралап келген көөкөрдөгү тоо суусун Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Орусиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.Эми VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт. Бул демилге боюнча Орусия тарап Кыргызстанга расмий кат жөнөткөнү буга чейин белгилүү болгон.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген. БыйылVI оюндар Кыргызстанда өттү.
Колумбиялык дүйнөлүк жылдыз Шакира «Бишкек Аренада» концерт бериши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеосунда билдирди.Ал «Шакираны Бишкек Аренада көргүңүздөр келеби?» деген суроо менен кайрылган. Бирок ырчынын концерт бере турган так күнү жана башка маалыматтар азырынча айтылган жок.«Бишкек Арена» 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган. 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп, анда америкалык ырчы Николь Шерзингер өнөрүн тартуулаган.Шакира — «Whenever, Wherever», «Hips Don’t Lie» жана «Waka Waka» ырлары менен дүйнөгө таанылган колумбиялык ырчы, бийчи жана продюсер. Ал «Grammy» жана «Latin Grammy» сыйлыктарынын бир нече жолку ээси.
«UFC» уюмунун чемпиону Валентина Шевченко жаракатынан улам титулун бош калтырды. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.Кыргызстандык спортчу бразилиялык Наталия Силва менен «UFC 332» турниринде беттешмек. Бирок жаракат алгандыктан, Шевченко беттешке катышпай турганы белгилүү болду.Спортчу эми узак мөөнөткө эс алууга чыгып, чемпиондук титулдан баш тартты.Бош калган титул үчүн бразилиялык Наталия Силва менен кытайлык Ван Конгкүч сынашат.
Автор: Kanat Kadyrjan