play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Дайырбеков Айбек Усөнбекович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
«Дүйнө сулуусу — 2026» наамын Доминикан Республикасынан келген 24 жаштагы мугалим кыз жеңип алды.Вьетнамда өткөн сулуулук сынагына жүздөн ашык өлкөнүн кыздары катышты. Бул сынакка Кыргызстандын атынан катышкан 26 жаштагы Саадат Асылбекова тилекке каршы мыкты кырк катышуучунун катарына кирбей калды.
Индонезиядагы вулкандын атылышынан улам Бали аралында ондон ашык авиакаттам токтотулду.Жанар тоонун күлү асманга 15 чакырымга чейин көтөрүлгөн. Учурда Балидеги аэропорт ишин улантып жатканы менен адистер жүргүнчүлөргө каттамдардын абалын алдын ала тактап алууну сунушташат.
Автор: Kanat Kadyrjan