play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today10.09.2026 30

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

       

           Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле өз кесибинде чоң жетишкендиктерге жетишкен жарандарга берилет.

          Кыргызстанда түрк дооруна таандык таш айкелдердин санариптик маалымат базасы жана 3D моделдери түзүлүүдө.«Улуу Алтай» эл аралык долбоорунун алкагында археологдор Улуттук тарых музейинде жана «Бурана» комплексинде жайгашкан байыркы эстеликтерди изилдеп чыгышты. Адистер Бурана мунарасындагы 80ден ашык балбал ташты атайын ыкма менен санарипке өткөрүштү. Бул маалыматтар виртуалдык музейге киргизилип, илимий изилдөөлөрдө колдонулат.

          Кыргызстанда сырттан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилет.Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бул чечим ата мекендик өндүрүштү колдоо жана ички рыноктун көз карандылыгын азайтуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү токтом 10-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Учурда өлкөдө балык тоютун чыгарган төрт завод иштеп жатат жана алар жылына 70 миң тоннага чейин продукция өндүрүүгө кубаттуу.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%