play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайынан түрк дооруна таандык жаңы таш айкел табылды.«Улуу Алтай» илимий борборунан билдиришкендей, байыркы балбал ташты Кыргыз улуттук жана Алтай мамлекеттик университеттеринин окумуштуулары биргелешкен экспедиция учурунда табышкан. Адистер эстеликти заманбап санариптик технология менен каттоого алышты. Археологдор айкел бузулуп же жоголуп кетпеши үчүн аны тез арада Оргочор айылындагы музейге көчүрүүнү сунуштап жатышат.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры өзүнүн элүү бешинчи сезондук ачылышын өткөрөт.Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, жаңы сезон казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектакли менен башталат. Бул чыгарманы Казакстандан келген белгилүү режиссер Баатырбек Шамбетов койгон. Спектакль жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи сентябрь күндөрү көрүүчүлөргө тартууланат.
Орусияга эмгек мигранттары эң көп барган өлкөлөрдүн лидерлери өз жарандарын алдын ала даярдоого кызыкдар болууда.ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу президент Владимир Путин Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Путин чет өлкөлүк өнөктөштөр мигранттардын Орусияга келгенге чейин эле орус тилин үйрөнүүсүнө, мугалимдердин санын көбөйтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин айтты. Ал бул багыттагы иштерди өкмөт деңгээлинде баштоону тапшырды.
Автор: Kanat Kadyrjan