play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет.Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдиргендей, ачыла турган имараттардын 105и социалдык объект, ал эми 60ы өндүрүштүк ишкана болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, өлкө аймагындагы бир катар объекттерди түз байланыш аркылуу онлайн форматта ишке киргизет.
«Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүнө 285 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги билдиргендей, арыздар иштелип чыккандан кийин бул айда жөлөк пул ала турган 232 миңден ашык бала аныкталды. Эске салсак, «Бала ырысы» үч жашка чейинки балдарга айына миң эки жүз сомдон берилет. Алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашагандарга бул каражат кошумча коэффициенттер менен эсептелет.
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү жыйырма пайызга көбөйтүлөт.Социалдык фонддон билдиришкендей, жогорулоонун минималдуу өлчөмү миң сомдон кем эмес, ал эми максималдуу чеги он миң сомду түзөт. Бул өзгөрүүдөн кийин өлкөдө эң төмөнкү пенсиянын көлөмү сегиз миң сегиз жүз сомго чейин жетет. Пенсияларды кайра эсептөөгө жыл аягына чейин кошумча төрт жүз миллион сом жумшалат.
Автор: Kanat Kadyrjan