play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today11.09.2026 16

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

 

            Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын башкы аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган чоң майрамдык концерт башталды.Салтанаттуу кечеге президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге катышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, чет өлкөлүк жана ата мекендик жылдыздар өнөр тартуулаган бул концертти көрүү үчүн аянтка 40 миңге жакын адам чогулду. Коопсуздукту камсыз кылуу жана элдин өтө көптүгүнө байланыштуу аянтка көрүүчүлөрдү киргизүүу бактылуу чектөөлөр менен коштолууда.

 

           Өзбекстанда метеорологиялык байкоолордун тарыхында быйылкы август айы эң ысык болду.«Казинформ» агенттиги маалымдагандай, өзгөчө Кашка дарыя жана Сурхан дарыя облустарында аптаптуу күндөр катталып, абанын температурасы 41 градуска чейин жеткен. Синоптиктердин билдирүүсүндө, өткөн ай кургак болуп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында такыр жаан жааган эмес. Муну менен быйылкы жай мезгили Өзбекстандын тарыхындагы эң ысык жайлардын арасында экинчи орунду ээледи.

 

              Күндүн активдүүлүгү акыркы эки жылдын ичинде дээрлик үч эсеге төмөндөдү.«Интерфакс» агенттиги маалымдагандай, окумуштуулар Күндөгү активдүүлүктүн мынчалык тез басаңдашын күтүшкөн эмес. Космостук изилдөөлөр институтунун билдирүүсүндө, Күндүн активдүүлүгү болжолдонгондон да тез төмөндөп жаткандыктан, анын эң төмөнкү чегине 2029-жылы жетиши мүмкүн. Ошентсе да, илимпоздор Күн ушул кылымдын ортосуна чейин кайрадан өзүнүн эң жогорку кубаттуулугуна карай жылып жатканын эскертишет.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%