play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today12.09.2026 23

Background
share close

Бүгүн өлкөдө 60 өнөр жай ишканасы ачылды.Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы төө буурчакты сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоо заводунун ачылыш аземинде алардын ишке берилишине онлайн режиминде старт берди.Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата күн мурун, 11-сентябрда жалпысынан 105 социалдык объект ачылган.

 

Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын алкагында чоң концерттик программа тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программага кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары Афток, Изи, Баястан, Каныш Нурди, Эра, Жетиген, ”Ага-Ини“, Тата-Улан, Lucky, Саламат жана Адилхан катышат.
Майрамдык концертте белгилүү ырчылардын музыкалык чыгармалары аткарылып, Талас шаарынын тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартууланат.
Концерт саат 19:00дө башталат.

 

 

Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүүдө.Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, спорттук иш-чарага аймакта кызмат өтөп жаткан жоокерлерден куралган 10 команда катышууда. Мелдештин ачылышында курман болгон баатырлардын урматына куран окулуп, алардын каармандыгы эч качан унутулбай турганы белгиленди. Бул турнир аскер кызматкерлеринин арасындагы ынтымакты бекемдөө жана мекенчилдик баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулду.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%