play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today08.10.2026 72

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында 9 балалуу милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө автоунаа белек кылды.Мамлекет башчысы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган жаңы батирге көчүп кирген көп балалуу үй-бүлөнүн үйүнө өзү барып, унаанын ачкычын тапшырды. Бул үй-бүлөнүн кожоюну ички иштер органдарында эмгектенет, ал эми жубайы — «Баатыр эне». Алар тарбиялап жаткан 9 баланын эң кичүүсү болгону 7 айлык.

 

 

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чек ара кызматынын «Тайлак баатыр» атындагы башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты. Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы 13,4 гектар жерге курулуп жаткан бул ири аскер шаарчасынын курулушу 2026-жылдын башында башталган, ал эми аны 2027-жылдын III чейрегинде бүтүрүү пландалууда. Шаарчада штаб, окуу класстарынан сырткары, аскерлердин үй-бүлөлөрү үчүн 60 орундуу бала бакча, спорттук аянтчалар, футбол талаасы жана конок үйү каралган. Өлкө башчысы курулуштун сапатына жана аскерлердин жашоо шарттарына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

 

 

Министрлер кабинети 2026–2028-жылдарга карата жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин бекитти.Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул чечим калкка медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүн жеткиликтүү кылуу жана мамлекеттик бюджетти туура пайдалануу максатында кабыл алынды. Жаңы тизме Саламаттык сактоо министрлигинин алдыдагы жылдарга бекитилген бюджетинин чегинде каржыланып, ишке ашырылат.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%