play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.Мааракенин алкагында Чүй облусунун тарыхын, маданий мурастарын жана жетишкендиктерин даңазалоого багытталган сахналаштырылган концерт коюлуп, майрамдык маанай тартууланууда.
Кыргызстанда ”Коопсуз өлкө“ долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, камералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып, коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
SpaceX компаниясынын кемеси Эл аралык космостук станцияда сегиз ай иштеген төрт космонавтты Жерге аман-эсен алып келди.»Казинформ» агенттигинин маалыматына ылайык, кеме Тынч океандын Лос-Анжелестеги жээгине конду. Жерге америкалык, франциялык жана россиялык космонавтар кайтып келишти. Алар ушул жылдын февраль айында станцияга барып, медициналык себептерден улам эвакуацияланган кесиптештеринин ордун алмаштырышкан. Миссия учурунда экипаж станцияны техникалык тейлөөдөн өткөргон. Учурда станцияда жети адам ишин улантууда.
Автор: Kanat Kadyrjan