play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today13.10.2026 36

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышты.Мамлекет башчысы аскердик комплекстин спорт залын, чек аралык даңк музейин жана спорт шаарчасын көрүп чыкты.Ошондой эле коменданттык ротаны жана жатакананы кыдырып, аскер бөлүгүнүн ашканасында аскер кызматчылары менен бирге тамактанды. Анда Садыр Жапаровго жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн тамак-аш рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.

 

 

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, чектөө диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт:
• Балтагулов көчөсү
• Юдахин көчөсү
• Алтымышев көчөсү
• Бакаев көчөсү
• Чыңгыз Айтматов проспектисинин батыш тарабы
Бул чектөө аталган аймактагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык өнөр жай объектилерине тиешелүү. Шаар бийлиги тургундарды алдын ала суу камдап алууну сунуштайт.

 

Америкалык окумуштуулар Роберт Холл жана Майкл Вудфорд макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого байланышкан изилдөөлөрү үчүн 2026-жылдагы экономика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушту.Швециянын Падышалык илимдер академиясынын чечими менен Стэнфорд университетинин профессору Роберт Холл жана Колумбия университетинин профессору Майкл Вудфорд акча-насыя жана бюджеттик-салык саясатынын ролун изилдеген эмгектери үчүн сыйланышты. Окумуштуулар иштеп чыккан моделдер үй чарбалары менен ишканалардын чечимдери жалпы макроэкономикага кандай таасир этерин түшүндүрөт. Бул илимий ыкмалар бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү борбордук банктар тарабынан кеңири колдонулат.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%