play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today13.10.2026 64

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облустук филиалынын директору кызмат ордуна Садык Токтосунович Мырзакматов дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Жаңы жетекчини жамаатка Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары, түштүк аймагынын куратору Алима Нурланова тааныштырды.Садык Мырзакматов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек жана Чүй филиалдарынын директорлорунун орун басарлары кызматтарында иштеген.Ошондой эле ал көп жылдык эмгек жолунда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында тажрыйба топтоп, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында бөлүм башчы жана Бишкектин Свердлов жана Ленин райондорунун муниципалдык администрацияларынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.

 

 

Талас районунун А. Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун жаңылоо долбоору башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор айыл тургундарын сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Курулуш жана жаңылоо иштерин 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада аталган айылдын 4 миңге чукул тургуну толугу менен таза суу менен камсыз болот.

 

 

Валюталардын расмий курсу

13.10.2026

1USD 87,45
1EUR 98,12
1RUB 1,02
1KZT 0,19
1CNY 13,06

Автор: Kanat Kadyrjan


0%