play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугуп, аны Ардак грамота менен сыйлады.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бажылык жөнгө салуу, санариптештирүү жана чек ара инфраструктурасын модернизациялоо маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев өлкөдөгү бажы реформалары, анын ичинде «Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасын өнүктүрүү тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде Ян Сондерс Кыргызстандын бажы жол-жоболорун санариптештирүүдөгү жыйынтыктарын жогору баалап, уюм өлкөнү мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Исматилла Маматов Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды.Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Исматилла Маматов Конституциянын жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын негизинде Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп бекитилди.
2026-жылдын сентябрында Дүйнөлүк океандын суусу абдан ысып, жаңы рекорд койду.Европалык окумуштуулардын айтымында, океан суусунун орточо температурасы 21,05 градуска жетти. Буга Тынч океандагы аба ырайын өзгөрткөн «Эль-Ниньо» кубулушу себеп болууда. Адистер бул кубулуш ушул жылдын декабрь айында туу чокусуна жетерин жана дүйнөдө кургакчылык менен суу ташкындарын күчөтөрүн эскертишүүдө.
Автор: Kanat Kadyrjan