- Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдык көрүү алкагында Бишкектеги эки жогорку окуу жайда шайлоо системасын тестирлөөдөн өткөрдү. Сыноодо системанын туруктуулугу, шайлоо модулунун иштеши жана шайлоочуларды онлайн аныктоо механизми текшерилди. Аралыктан добуш берүү системасы жарандарга өздөрү тандаган шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпы республикалык тестирлөө 18-ноябрга пландалган. Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
- Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйө баштагандыктан, дарыгерлер алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырат. Алсак, массалык иш-чараларга барууну чектөө, колду тез-тез жууп, эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу сунушталат. Оорунун алгачкы белгилери байкалса, үйдө калып, дарыгерге кайрылуу керек. Бул инфекциянын башкаларга жугушун алдын алат. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сасык тумоого каршы эмдөө жасалууда. Ал тобокелдик тобундагы адамдарга акысыз берилет.
- Кыргызстанда курулуштун баштапкы этабы аяктаганга чейин батирлерди сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Министр Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, пайдубал түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук бүткөнгө чейин курулуш компанияларына батирлерди сатууга, алдын ала келишим түзүүгө жана жарандардын каражатын тартууга уруксат берилбейт. Чектөө курулуш жүрүп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларга тиешелүү. Бул чара жарандардын каражатын коргоого жана курулуш тармагындагы мыйзам бузууларды алдын алууга багытталган.
Автор: Диана Дуйшоналиева