play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады. Ал эми Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.
Эске салсак, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо.

Жыл башынан бери республика боюнча 430 миңге жакын мал идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 400 миңден ашыгы ири мүйүздүү мал, 5 миңи чочко жана 11 миңдейи жылкы.
Ошондой эле топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1 миң ашык аары багуучу чарбада 100 миңге жакын бал челек идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтык тутумга киргизилди.

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде алдыңкы үчилтикте өзгөрүүлөр болду. Франциялык миллиардер БернАр АрнО позициясын жоготту. Ал 185 миллиард доллары менен төртүнчү орунга түштү. Ал эми Марк Цукерберг үчүнчүгө көтөрүлдү.
Анын капиталы – 188 миллиард. Экинчи орунда мурдагыдай эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос турса, лидерлик позицияда 235 миллиард долларга ээлик кылган Илон Маск турат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%