play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун негизги иштерин ушул жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Учурда Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн тоннелди куруу иштери жүрүп жатат. Бул тоннел көп функционалдуу тейлөөнү камтыйт. Азыр бетон төшөө иштери жүрүүдө.

Өкмөттөн белгилешкендей, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

 

« Ушулжылдын 30-июнуна карата Кыргызстандынжалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Мунун ичинен 4 млрд жарым доллардан ашыгы тышкы карыз, ал эми 1 млрд 800 млн доллардан көбү ички карыз.

Бир ай мурдагыга караганда өлкөнүн тышкы карызы 39 млн сомго кыскарып, ички карыз 53 млн долларга жогорулаган.

 

Кыргызстандаокумуштууларжырткыч динозаврлардын жаңы түрүнүн калдыктарын табышты. Алар өлкөнүн батышындагы Таш-Көмүр шаарынын жанынан табылган. Табылга кыргыздын «Манас»эпосундагы алп кара куш деген атка ээ болгон

Палеонтологдор бул Кыргызстандын аймагында табылган биринчи жырткыч динозавр экенин айтышууда., жаныбар метриакантозавр тукумуна кирген жана узундугу дээрлик 9 метрге жеткен.

Ошондой эле  болжол менен 165 миллион жыл мурун жашаган деп эсептелет.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%