play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт.

Бүгүнтөн тарта 29-августка чейин көгүлтүр от Элебесов, Коллективная, Кыргыз жана Бел көчөлөрүндө, Красный строитель, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2 конуштарында жана Төмөнкү Ала-Арча айылында жок болот.

Убактылуу чектөөллөр газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Кыргызстандаавтогаздынжетишсиздиги сакталууда.

Айрым станцияларда узун кезектер жаралып жатат. Жыл башынан бери унаа газынын баасы 20 пайызга же бир литрине 7 сомго кымбаттады.

Мындай абал дүңүнөн жеткирүү көлөмү кыскарып, ал эми керектөө тескерисинче көбөйгөнүнө байланыштуу жаралды. Жеткирүүчүлөр менен жаңы келишимдер түзүлдү.

Андыктан, автогаз менен абал өлкөдө сентябрдын ортосунда калыбына келет, — дешти Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан.

 

Курсантбек Исаков жанаРустамжанКахаров дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште Кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду.

Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%