play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Кыргызстанда көмүрдүн баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынат.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн 15-сентябрдан тартып өлкөдо көмүргө баа 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууга алынат. Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бул чаранын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Ош шаарында жаңы №49 муниципалдык автобус каттамга чыгат.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл схемасы өзгөрбөйт.
Маршрут Мады айылынын аймактык борборунан Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт. Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 66-орунду ээледи.

Биздин өлкөдө дүйнөлүк тармактын орточо ылдамдыгы секундасына 41,22 мегабитти түзөт.
Эсептөөлөрдү Ookla компаниясы жүргүздү. Рейтингде биринчи орунда Бириккен Араб Эмираттары турат. Ал эми дүйнөдөгү эң жай интернет – Йемен мамлекетинде.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%