play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Караколдо тоо лыжа базасына баруучу жол оңдолууда.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, каттамдын жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 3,5 чакырымга асфальт төшөлдү.

Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жол кызматкерлерине лыжа тебүү сезону башталганга чейин ишти бүтүрүүнү тапшырды.

 

Салыкоргандарыкүчөтүлгөн режимге өтүүдө. Тактап айтканда, салык кызматкерлери 29-30-августта түнкү саат 9, 31-августта кечки 6 чейин иштешет.

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй, чарбалык жана огород жерлерине салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын эскертет.

 

Мароккододүйнөдөгүэң чоң футбол аренасы курулат. 115 миң орунга ылайыкталган стадион падыша Хасан IIнин ысымын алат.

Мекеменин курулушу 2030-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка бүткөрүлөт.

Эске салсак, 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч континентте — Европа, Африка жана Түштүк Америкада өтөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%