Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Социалдык келишим программасынын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет. 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар катышуучулар бизнес-планга ылайык, ишин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.
Бишкекте каттамдан алынган троллейбустар аймактарга берилүүдө. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.
Белгиленгендей, троллейбустар сатылбайт.
«Бүгүнкү күндө Бишкек 1 миң автобус менен камсыз болду. Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобус чыгарылып, ал эми троллейбустар аймактарга жиберилүүдө”, — деди Жунушалиев.
28-августта Парижде Паралимпиада оюндарына старт берилди. Жайкы Олимпиада Парижде 11-августта жыйынтыкталган.
Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.
Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов алып чыгат.
Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).
Автор: Диана Дуйшоналиева