Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №64 автобустун акыркы аялдамалары Ынтымак конушунда жана Маевка айылында. Каттамга 20 автобус 7 мүнөттүк интервал менен чыгат. Белгилеп кетсек, ордо калаа мэриясы быйыл бардык кичиавтобустарды каттамдан чыгарып, автобустарды киргизди. Ошондой эле троллейбустар да алынды.
Бишкектин көчөлөрүндө жарык берүү иштери улантылууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, Лев Толстойдун, ошондой эле 7-апрель жана Ибраимов көчөлөрүнө 1400 светодиоддук чырактар орнотулду. Жаңы чырактар бул тилкелерде жарыктыкты гана жакшыртпастан, түнкүсүн жол коопсуздугун да жакшыртты.
Жарык диоддук чырактар энергияны үнөмдоп, бул электр энергиясын керектөөнү бир кыйла азайтып, жаркыраган жана бирдей жарык берет.
Британиялык окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты.
Аппарат спорттук матчтарды сапаттуу көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын уникалдуулугу — сүрөттү жакындатуу же алыстатуу. Мындан тышкары, Көз айнек аркылуу объектилердин өзү жарыгырааккорунот. Жогорку технологиялык ноу-хау, айтмакчы, Париждеги Паралимпиада оюндарында күйөрмандар тарабынан колдонулуп келет. Бул иш-чарада ал биринчи жолу тааныштырылды. Ал эми белгилей кетсек, азыр дүйнөдө көрүүсү начарлаган 2 миллиарддан ашуун адам бар.
Автор: Диана Дуйшоналиева