Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди.
№30 автобус Дордой базарынан Муромская көчөсүндө жайгашкан Жол-эксплуатациялык башкармалыгына чейин жүрөт.
Каттамга 7-8 мүнөттүк аралык менен жалпысынан 23 автобус чыкты.
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документке ылайык, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар.
Учурда өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 9 миң 300 сомду түзөт.
Британиялык популярдуу ырчы Адель Музыкалык карьерасынан чоң тыныгуу алууну чечти.
Ал дүйнөлүк турдан кийин эс алуу керектигин мойнуна алды.
«Акыркы жети жылдан бери мен өзүм үчүн жаңы жашоо куруп жатам жана азыр аны Жашагым келет. Менде бир гана шоу калды, анан Лас-Вегастагы резиденцияма кайтып келем» деди ал.
Ырчынын айтымында, ал көптөн бери күйөрмандары менен жолукпайт.
Автор: Диана Дуйшоналиева