Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Париждеги Паралимпиада оюндарына катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өттү. Кыргызстандан жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы, дзюдочу Маматибраим Суранов жана пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева катышты.
Кыргызстанда ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларды текшерүү башталды.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат. Ага ылайык, ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынат.
Транспорттук көзөмөл салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында күчөтүлүүдө.
Жаңы iPhone 16да, көптөн күткөн жасалма интеллект функцияларынын бири да болбойт.
Бул тууралуу Bloomberg агенттикттен билдиришти.
Марк Гурмандын айтымында, Apple Intelligence пакетинин баштоосу жылдырылды. Октябрь айында Жасалма интеллект менен алгачкы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Бул текстти кысуу түрү боюнча негизги функциялар, «билдирүүлөрдөгү» жоопторду сунуштоо жана телефон чалууларын жазуу жана транскрипциялоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө. Ошондой эле сүрөттөрдөгү ашыкча деталдарды алып салууга болот.
Автор: Диана Дуйшоналиева