Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Мамлекеттик салык кызматы ушул айдын башынан тарта жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында транспорт салыгынан 1 млн 710,3 миң сом чогулганын билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул аралыкта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте 154 рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө транспорт каражаттарына салык төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган 1 миң 64 салык төлөөчү аныкталды.
Мындан тышкары, 870,7 миң сомго айып пул салынды.
Өлкөдө транспорт, турак жай жана жеке участокторго салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, салыкты өз учурунда төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Андан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум кошулат.
Эске салсак, мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөө керек болчу.
Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Белгилеп кетсек, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батордон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо уланууда.
8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 65 медаль — 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала, көк бөрү, жер улак (көк пар), татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, ордо, алыш бел боо күрөшү, кураш, чүкө оюндары, эр эңиш, таяк тартыш, казак күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча 181 спортчу өлкө намысын коргоду.
Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн келген, 2 миң 500дөн ашык спортчу 21 спорттун түрүнөн катышты.
Автор: Диана Дуйшоналиева