Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкектеги Саманчин көчөсүндө жаңы тротуар пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, сөз Байтик Баатыр көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы жол тилкеси жөнүндө болууда. Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, иштер демонтаждан башталган, анткени бул жерде толук кандуу тротуар дээрлик жок болгон. 900 тоннадан ашык таштанды чыгарылып, 20дан ашык павильон алынып салынган. Учурда жумушчулар эски асфальтты кыркып бүтүп, ирригация жана бордюрларды орнотууга киришти.
Ысык-Көлдө суу мотоциклдерин колдонууга тыюу салынуусу мүмкүн.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бул мыйзам долбоорун жактырды. Документтин авторлорунун айтымында, акыркы жылдары көлдө гидроциклдер менен болгон кырсыктар көбөйгөн. Мындан тышкары, демилгечилердин пикиринде, суу мотоциклдери көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизет. Айрыкча, кээ бир учурларда күйүүчү майдын калдыктары сууга түшүп кетүү ыктымалдыгы бар.
Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды.
Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды. Ага ылайык, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айыл-аймактардын аталышы алмашат. Тагыраагы, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын атын кайра атоо сунушталууда.
Белгиленгендей, документ жергиликтүү тургундар, жашоочулар, жергиликтүү кеңештер менен администрациялардын чечиминин негизинде иштелип чыккан.
Автор: Диана Дуйшоналиева