Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Маданият министрлиги Нарын облусундагы «Таш-Рабат» кербен сарайын реконструкциялоодо.
Бул тууралуу ведомство башчысы Алтынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, тарыхый объект министрликтин балансына өтөт. Аймакты кеңейтүү жана объектти калыбына келтирүү пландалууда.
Максутов быйыл каржылоо маселеси каралганын, кийинки жылы реконструкция башталаарын кошумчалады.
Контейнерлерде жана таштанды кабыл алуучу камераларда кайра иштетилүүчү материалдарды чогултууга тыюу салынат.
Мэриянын билдиришинче, мындай аракеттер мыйзамды гана бузбастан, контейнер аянтчаларынын айланасында баш аламандык жаратат.
Мыйзамдарга ылайык, контейнер аянтчаларындагы таштандылар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат.
Тартип бузгандарга айып пул салынат. Мэрия бишкектиктерди шаарда тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат.
Instagram өспүрүмдөр менен болгон ишин өзгөртүп, жаштарга көбүрөөк «камтылган коргоо чараларын», ошондой эле ата-энелер үчүн кошумча көзөмөлдү жана ишенимди убада кылууда.
Жаңы «өспүрүмдөрдүн аккаунттары» буга чейин Улуу Британияда, АКШда, Канадада жана Австралияда киргизилген.
Автор: Диана Дуйшоналиева