play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

25-сентябрда Кыргызстандан мал экспорттоо кайра жанданат.

Айыл чарба министрлиги эске салгандай, буга чейин өлкө ичинде малды экспорттоо жана ташуу үчүн ветеринардык коштоочу документтерди берүү убактылуу токтотулган. Бул айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын жаңылоого байланыштуу болгон. Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Бардык иштер бүткөндөн кийин экспорт кайра жанданып, ишкерлер мурдагыдай иштөөнү уланта алышат.

 

Бишкекте №9 Балдар искусство мектеби ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, мектепте фортепианодо, аккордеондо, баянда, комузда, скрипкада,элдик аспаптарда ойноо үчүн класстар, ошондой эле музыка тарыхын үйрөнүүчү кабинеттер каралган.

Мындан тышкары, мектепте архив, китепкана, концерттик жана артисттик залдар, склад жана костюмердик бөлмө да бар.

Мэрия белгилегендей, бул жаңы мекеме балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанилүү борбор болуп калат.

 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын кезектеги рейтингинде дагы төрт тепкичке артка кетип, 106-орунду ээледи.

210 кураманын сап башында Аргентина, Франция жана Испания турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы бир тепкич өйдө көтөрүлүп 60-орунга, Тажикстан 103-орунга илинди. Казакстан 109-орун менен буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%