play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсиянын минималдуу өлчөмү эми 6 мин 900 сомду түзөт.

Эске салсак, быйыл өсүш эки этап менен болду. Алгач пенсиянын базалык бөлүгү теңдештирилди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта бардык пенсионерлер 3 миң 170 сомдон ашык ала баштады.

Экинчи этап, 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө тиешелүү болуп, ал 18%га жогорулады. Минималдуу жогорулоо 1 миң сомду түздү.

 

Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, 5-октябрга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат.

 

Кыргызстанда кышында электр энергиясын камсыздоодо чектөөлөр болбойт.

Бирок трансформаторлордун ашыкча жүктөлүшүнө жол бербөө максатында жөндөө иштерин жүргүзүү мүмкүн.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, мындай учурларда электр энергиясы кыска убакытка өчүрүлүшү мүмкүн. Эгер мындай иштер жасалбаса трансформаторлор туруштук бере албай, иштен чыгып калышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошондо керектөөчүлөр бир нече күн электр энергиясыз калышы ыкытымал.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%