play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Tunduk тиркемесинде жаңы кызмат пайда болду.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эми жарандар жашаган жери боюнча онлайн катталса болот.

Кыргызстандыктар калкты тейлөө борборлоруна же калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүнө барбастан эле өзүн, балдарын же башка адамдарды каттоого тургуза алат.

Белгилеп кетсек, каттоо үчүн мүлк ээлери гана кайрыла алышат.

 

Төө-Ашууда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 17-октябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

 

«Игра престолов» тасмасындагы Темир такты Далласта өткөн аукциондо 1,49 миллион долларга сатылды.

Бул тууралуу CNN маалымдайт. Аукциондо жалпы 900дөн ашык лот коюлган. Темир такты сериалдын эң кымбат атрибуту болду. Ошондой эле, Джон Сноунун кылычы400 миң долларга сатылган. Жыйынтыгында иш-чара 21 миллион доллардан ашык каражат чогултту.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%