play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алууга катышкан Калкты тейлөө борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборлору жети шаарда жайгашкан

Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча — 1255 ишеним телефонуна чалсаңыз болот.

 

Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясы кабыл алынды.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Концепция билим берүү системасын жаңылоого жана заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталган.

Ага ылайык, балдар 6 жаштан баштап мектепке кабыл алынып, нөлүнчүлөр биринчи класс катары эсептелет. Бул өзгөрүү менен мектепти бүткөндөрдүн жаш курагы азыркыдай эле калат. 12 жылдык билим берүү жөнүндө аттестат 2027-2028-окуу жылынан тарта берилип баштайт.

 

Мамлекеттик цирктин имаратын оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Расмий ачылышы 2-ноябрьда өтүп, бүгүнтөн тарта цирк кадимки тартипте иштеп баштады.

Эске салсак, объект 1976-жылы колдонууга берилип, 48 жылдан бери имаратта оңдоо жүргүзүлгөн эмес.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%