play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Бишкек шаарында 18-мартта суу болбойт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Саат 10:00дон 19:00гө чейин Токтоналиев, Океев, Куйручук, Молдокулов көчөлөрүндө жана Чыңгыз Айтматов проспектинде суу өчүрүлөт.

Суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана социалдык-тамактануу жана өнөр жай объектилеринде болбойт. Мындай чаралар оңдоо иштери жүргүзүүлууго байланыштуу

 

Реклама жана дизайн бөлүмүнүн адистери ГУ «Бишкекглавархитектура» менен Октябрь районунун акимчилигинин кызматкерлери Орто-Сай базарындагы ишкерлерге билдирүүлөрдү таратууну аякташты.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы жонунан уруксатсыз орнотулган же баш калаанын дизайн кодексине туура келбеген рекламалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча 50дөн ашык билдирүү таратылган.

Укук коргоо органдары ишкерлерди заманбап реклама түрлөрүн колдонууга жана сатуу жайларынын витриналарына көп түстүү баннерлерди жана өзүнчө жабышкыч пленкаларды колдонбоого чакырат.

 

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

Белгисиз адамдар өздөрүн салык кызматкери катары көрсөтүп, мессенджерлер аркылуу салык кызматынын жетекчисинин мөөрү жана кол тамгасы менен жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Анда алар салык төлөөнү талап кылышат.

Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер аркылуу салык төлөөчүлөргө расмий билдирүү жөнөтпөй турганын белгилейт. Мындан улам жарандарга сак болуп жана шектүү талаптардын негизинде акча которбоо сунушталат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%