
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
— Бишкектин Лермонтов, Салиев көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген райондорунда 25-26-март күндөрү газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” кызматы маалымдайт.
Өчүрүү газ өткөргүчтөрдөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
— Бишкекте өз билемдикке салып курулган тосмолор алынууда. Бүгүнкү күнгө карата унаа жолго чыгып, тоскоолдук жараткан 9 темир дарбаза, шлагбаум демонтаждалды.
Мэриядан белгилешкендей, бул жаатта иштер дагы улантылат.
— Бишкекте Айтматов проспекти Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө алты тилкеге чейин кеңейтилет.
Бийликтин маалыматына ылайык, жолдун эки тарабына кеңири тротуарлар салынат. Велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө веложол курулат. Кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып салынып, бул иштер Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Натыйжада, Айтматов проспекти жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар жана велосипедчендер үчүн ыңгайлуу болот.
Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн жана тосмолордун бетине кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди бузуу боюнча белгилер коюлганю.
Автор: Айдай Ахматова