
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
-. 1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген.
700 кВт саатка чейин керектөөдө калк үчүн электр энергиясына тариф 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрүлөт. Чектөөдөн ашык керектөөдө — 2,39 сомдон 2,60 сомго чейин жогорулатылат.
— Жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан сынактан өткөрүүнүн тартиби белгилүү болду.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов билдиргендей, жол эрежесин үч ирет одоно бузгандар квалификациялык сынак тапшырат.
«Теориялык сынакта 20 суроо берилет. 25 мүнөттүн ичинде анын 18ине туура жооп берген адам сынактан өтөт. Андан соң практикалык сынак бар. Анда сегиз этап бар. Бир эле этапты тапшыра албай калганынан өтүп кетсе, ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет”, — деди Жунусов.
— Бишкектин базарлары ар дүйшөмбү күндөрү санитардык тазалоого жабылат. Мындай чара соода аянттарынын абалын жакшыртууга жана көрктөндүрүүгө багытталат, — деп билдиришти мэриядан.
Бул күндөрү соода түйүндөрү толугу менен дезинфекцияланып, аймагындагы таштандылар чыгыралат. Иштердин аткарылышын көзөмөлдөө акимиаттарга жана санэпидем көзөмөл борборуна жүктөлдү.
Автор: Айдай Ахматова