play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today03.04.2025 3

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Борбор каалабызга Кытайдан эки электробус алып келинди
  • Бишкектин Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине жабылат
  • Музыкадан түшкөн киреше онунчу жыл катары менен өстү

— Бишкекке Кытайдан эки электробус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Транспорт айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган.

Эске салсак, учурда Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында эки троллейбустук ДЕПОдо реконструкция иштери жүрүүдө. Алар июнда келе турган электробустарды кабыл алат.

— Бүгүнтөн тарта Бишкектин Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине жабылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылына чектелет. Буга байланыштуу №212 автобустун багыты Горький көчөсүнө чейин убактылуу өзгөрөт.

— Дүйнөдө музыкадан түшкөн киреше онунчу жыл катары менен өстү. Фонограмма жасаган эл аралык федерациянын маалыматына караганда, индустриянын кирешеси өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик 5% жогорулады.

Аналитиктердин пикири боюнча, ийгиликтин негизги кыймылдаткычы дүйнөнүн бардык аймактарында популярдуулугун улантып келе жаткан акы төлөнүүчү стриминг кызматтары болуп саналат.

Автор: Айдай Ахматова


0%